Жапаров Бакасs TKI x8wmo āīāu(
Жапаров Бакас - (11. 5. 1923, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чырак айылы – 26.10. 2004, ошол эле жер) – педагог, тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты (1966), доцент (1969), К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору (1993), Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги (1965), СССРдин жогорку мектебинин отличниги (1980). Каракол мугалимдер институтун (1948), Бишкек педагогика институтун бүтүргөн (1951). Улуу Ата Мекендик согуштун катышып (1942–46) келгенден кийин мугалим, мектеп директору (1948–55), 1961-жылга чейин билим берүү тармагында жана партиялык жооптуу кызматтарда эмгектенген. Каракол педагогика институтунун илим жана окуу иштери боюнча проректору (1961–64), Караколдогу Т. Сатылганов атындагы мектеп-интернаттын директору (1964–68), Каракол педагогика институтунда окутуучу, кафедра башчысы (1968–80), көркөм графика факультетинин деканы (1980–86). КПССтин жана Кыргызстан Компартиясынын тарыхы боюнча илимий эмгектердин автору. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
0žā li Hsojlniaz89Qq ta Alade ar 67 alK9A eo do