Урал-Моңгол геосинклиналдык бүктөлүү алкагыן rP Jv _datj oHh mרי1כ
Урал-Моңгол геосинклиналдык бүктөлүү алкагы - жер кыртышынын бүктөлүүгө дуушарланган кыймылдуу ири структураларынын бири.
Орус, Тарим, Кытай-Корей жана Сибирь платформаларынын аралыгында жайгашкан. Урал, Борбордук Казакстан, Теңир-Тоо, Алтай-Саян, Моңголия, Кытайдын түндүк бөлүгү, Чыгыш Забайкалье, Приморье аймактарын камтыйт. Соңку протерозой менен палеозойдо, эң чыгышы (Моңгол - Охота сегменти) мезозойдун 1-жарымына чейин активдүү өөрчүгөн. Кырчоонун калыптана баштоосу рифейге таандык. Бул мезгилде рифейге чейин калыптанган континенттик кыртышта жаракалар кетип, айрым бөлүктөргө ажыраган, ал бөлүктөр бири-биринен алыстап жыла баштаган. Кыртыштын ири бөлүктөрү бүгүнкү күндө байыркы платформаларды (кратондорду) түзсө, кичирээктери ортолук массивдер түрүндө сакталып калган. Ортолук массивдердин ичинен салыштырмалуу ирилери - Борбордук Казакстан - Түндүк Теңир-Тоо, ТываМоңгол, Хинган-Бурея. Соңку рифей жана палеозойдо кырчоонун аймагында Палеоазия океаны пайда болгон; анда ортолук массивдер микроконтиненттердин ролун ойношкон. Палеоазия океаны түндүгүнөн Палеоатлантика, чыгышынан Палеотынч, түштүк-батышынан Палеотетис (анын калдыктары Жер ортолук деңиздин чыгыш бөлүгү, Kapa жана Каспий деңиздери, Перс булуңу, Малайя архипелагындагы деңиз) океандары менен туташып турган. Бул океандык кыртыштын реликтиси болуп рифейден девонго чейинки жаштагы көптөгөн офиолит кырчоолору эсептелет. Соңку рифейдин 2-жарымы жана вендден баштап океандын борбордук бөлүгү кеңейип, чет-жакасында аралдар догосу пайда болгон.
Аралдар догосу менен микроконтиненттер платформаларга, 1-кезекте Сибирге жалгашат. Байкал доорунан кийин салаир (кембрийдин 2-жарымы) жана такон (ордовиктин аягы) доорлору жүргөн. Андагы бүктөлүүдөн жана граниттин пайда болуусунан континенттик кыртыш кенейген. Айрыкча, силурдун аягы-девондун башында жүргөн бүктөлүү, гранит пайда болуу жана метаморфизм доорунун мааниси чоң. Бул учурда Борбордук Казакстан, Түндүк Тенир-Тоо, Алтай - Саян - Байкал, Түндүк Моңголия аймактарында континенттик кыртыш кескин өскөн. Соңку палеозойдо кырчоону чектеген континенттердин жакындашуусунан жана алардын микроконтиненттер менен пермдин аягы - триастын башындагы кагылышуусунан кырчоонун Моңгол - Охота сегментинен башка бардык бөлүгү кургактыкка айланган. Соңку юрада бул сегмент да бүктөлүүгө, граниттешүүгө жана метаморфизмге учурап, кургактыкка айланган. Мезозой жана баштапкы палеогендеги тектогенез доорунда тоолуу рельеф тегизделип, айрым жерлери чөкмө жабуу менен капталып, эпипалеозойлук платформа пайда боло баштаган. Батыш Сибирь жана Түндүк Туран плиталарында болуп өткөн байкал, каледон, герцин бүктөлүү системалары мезозойкайнозойдо платформалык шартта пайда болгон калын кабаттуу чөкмө тектери менен жабылган. Бул кабаттарда нефть менен газдын ири кендери (Тюмень ж. б.) топтолгон. Жаш платформанын 2-бөлүгүндө (Теңир-Тоо, Саян, Алтай, Чыгыш Забайкалье, Приморье) платформалык режим көпкө созулбай, неотектоникада кайрадан көтөрүлүү процесстери жүргөн. Бул аймактарда платформа эпиплатформалык орогенге өткөн.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4